• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АКШ орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишиминен чыгарын билдирүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Америка Кошмо Штаттары эгер Орусия Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуунун шарттарын 60 күндүн ичинде аткарбаса, келишимден чыгат.

Вашингтондун чечимин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жарыялады.

Брюсселде өтүп жаткан НАТО саммитинде анын катышуучулары Москва 1987-жылы кабыл алынган келишимдин шарттарын бузуп жатат деген айыптоолорду колдошту.

Майк Помпео Орусия багытын өзгөртсө, келишимди сактап калууга болорун баса белгиледи.

НАТО Москва макулдашууну бузуу менен 9М729 ракеталык системасын иштеп чыкты деп эсептейт.

ТИМдин атайын өкүлү Мария Захарова Орусия документтин жоболорун аткарып жатат деп ырастоодо.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

4-5-декабрда Түндүк атлантикалык альянстын башкы кеңсесинде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана Украина менен Грузиянын ТИМ башчылары жолугушуу өткөрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий