• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ пандемияга байланыштуу Казакстанга $2,4 миллион бөлөт

Дүйнө 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) COVID-19 пандемиясына байланыштуу Казакстанга 2,4 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Маалымат 18-октбрда АКШнын Казакстандагы элчилигинин сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, бул жардам вакциналарды бөлүштүрүү, вакцина тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүү, коронавируска каршы лабораториялык системаларды бекемдөө, Казакстандын вакциналарды жеткирүү жана пайдалануу даярдыгын жогорулатуу үчүн бөлүнөт.

- Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Казакстанга 6,8 миллион доллар жардам берилди, бул каражат да аталган суммага кошулду, - деп билдирди АКШ элчилиги.

АКШнын дипломатиялык миссиясы кабарлагандай, USAID коронавируска байланыштуу темалар боюнча беш миңден ашуун медициналык кызматкерди окуткан.

Кошмо Штаттар жыйырма жылдан ашык убакытта Казакстанга 2 миллиард доллар, анын ичинде кургак учук жана СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү сыяктуу саламаттыкты сактоо программаларын колдого 92,8 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий