• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШнын президенти Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. АКШнын президенти Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгон.

“Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү”, - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен кошумчалашкандай, жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы, Кыргыз Республикасында да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да, бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтына кайрылууга болот.

“Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий