• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШ ракета келишимдеринин бузулушуна каршы мыйзам долбоорун даярдады

Дүйнө 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Демократ конгрессмендер тобу бейшембиде Москва тарабынан орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин бузулушуна каршы аракет көрүү жөнүндө Өкүлчүлүк палатасынын кароосуна мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси жана автору – конгрессмен Адам Смит. Документ коргоо министрлигин Россия агрессиясына жооп берүүгө багытталган стратегия даярдоого, аны жүзөгө ашырууга милдеттендирет.

Пентагон россиялык аскер техникасына, анын ичинде учкучсуз учак тутумуна, электрондук согуш каражаттарына жана алыс аралыкка арналган куралдарга каршы туруу боюнча пландарды иштеп чыгуусу керек.

2018-жылдын 1-апрелине чейин АКШ президенти Конгресстин кош палатасындагы куралдуу күчтөр боюнча комитеттерине ракеталар тууралуу келишимди бузгандыгы үчүн Россияга санкцияларды киргизүү боюнча план сунуштоосу зарыл.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий