• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ Россия менен мамилесин калыбына келтирүү боюнча жашыруун план иштеп чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Вашингтон Россия менен болгон мамилесин жөнгө салууну көздөйт. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон тиешелүү планды иштеп чыкты.

Документте Россия менен АКШнын конструктивдүү мамилесин калыбына келтирүүнүн жолдорун көрсөткөн үч негизги багыт камтылган. Биринчиден: Вашингтондун оюу боюнча Москва жасап жатат деген айрым кадамдардын, эки өлкөгө бирдей контрпродуктивдүүлүгүн далилдөө. Алардын арасында маселен, Россияда тыйюу салынган талибандардын тобуна курал сатуу аракеттери аталган. Экинчиден: программада Россия менен АКШнын стратегиялык кызыкчылыгына жооп бере турган, тагыраагы терроризмге каршы иш алып баруу, КЭРнын атом программасы жана киберкоопсуздук боюнча багыттар камтылган. Үчүнчүдөн: Россия менен “стратегиялык туруктуулукту” сактоо. Тиллерсон тарабынан иштелип чыккан программа, жашыруун сакталып, ал АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын администрациясынын 2015-жылдагы стратегиясын эске салат.

Булак: http://www.kp.ru/online/news/2781296/

Пикир

Оставить комментарий