• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШ Түркиянын экс-министрин Иранга каршы санкцияларды бузууга айыптады

Дүйнө 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. АКШ прокуратурасы Түркиянын мурдагы экономика министри жана мамлекеттик Halkbank банкынын экс-башчы Зафер Чаглаянды БУУнун Иранга каршы киргизген санкцияларын бузууга аракеттенген деп айыптады. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал америкалык банктар аркылуу Ирандын өкмөтү менен мамлекеттик түзүмдөрүнө жүздөгөн миллион долларды мыйзамсыз которууга ниеттенген.

Андан тышкары Чаглаян жалпы суммасы ондогон миллион долларга жеткен акчалай жана баалуу таштар түрүндө пара алууга, акчанын изин жашырууга жана каржы алдамчылыктарына айыпталууда.

Мындай айыптоолор Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы жана мурдагы түрк өкмөтүнүн мүчөсүнө карата алгачкы жолу айтылууда.

Экс-министр Иранга каршы киргизилген санцияларды бузууга аракет кылган деген айып менен Кошмо Штаттарда камалган Реза Зарраб аттуу жаранга каршы козголгон кылмыш ишин тергөө маалында АКШнын укук коргоо органдарынын көзүнө илинген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий