• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АКШ тажик чек арачыларына 3,8 млн долларлык аскердик жардам берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.01.19 /Кабар/. АКШнын Тажикстандагы элчилигинин өкүлү Кевин Коверт менен Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 29-январда тажик чек арачыларына 3,8 миллион долларлык аскердик жардам берүү аземине катышты.

АКШнын Тажикстандагы элчилиги маалымдагандай, тажик чек арачыларына мамлекеттик чек ара тилкелерин көзөмөлдөй турган радардык система тапшырылды.

Элчилик тараткан билдирүүдө АКШ Тажикстандын көз карандысыздыгын колдой турганы, аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо өнөктөш болуп кала берери айтылат.

Кошмо Штаттар Тажикстан менен 27 жылдан бери кызматташып келет. Бул убакыт аралыгында өлкөгө жеке сектор, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, демократиялык институттар жана коопсуздук программаларынын алкагында 1,8 миллиард долллар жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий