• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ учагы Сирияда Ирандын дронун атып түшүрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Сирияда АКШ башында турган эл аралык коалиция өкмөттүк күчтөргө таандык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, бортунда курал-жарак бар дрон Сириянын Ирак менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагындагы коалиция күчтөрүн көздөй учуп бараткан.

Америка командачылыгынын билдирүүсүндө дрон коалициянын аскерлерине чабуул коюу ниети байкалгандан кийин атып түшүрүлгөнү айтылат.

Окуя 8-июнда ушуга окшогон өкмөттүк күчтөрдүн учкучсуз аппараты атылып түшүрүлгөн аймактын айланасында болду. Анда дрон коалиция күчтөрүнүн гарнизонуна жакын жерге бомба таштоого үлгүргөн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий