• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшөт

Дүйнө 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Ташкент менен Вашингтон Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү жараянына АКШнын жардам бере тургандыгы боюнча макулдашууга келишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн тышкы соода министрлигине шилтеме кылып кабарлашты.

Өзбекстанда өткөн макулдашууга кол коюу жыйынына АКШ тараптан өлкөнүн Орто жана Түштүк Азия боюнча соода өкүлү М.Линскотт катышты.

Маалыматка караганда, алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын Тышкы соода министрлиги менен АКШнын Соода палатасынын кызматкерлеринин ортосунда туруктуу байланыш орнотулат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстандын АКШнын тарифтик жеңилдетүүлөр системасына катышуусуна байланышкан маселелер дагы көтөрүлдү.

Буга чейин Regnum агенттиги Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматына таянып, президент Шавкат Мирзиёевдин Түштүк Кореяга болгон 23-ноябрдагы сапарында Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшүү боюнча меморандумга жана «жол картасына» кол коюлганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий