• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ Жээнбековдун өлкөнүн саясий турмушун конституциялык тартипке кайтарып келүү аракеттерин колдойт

Саясат 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын КРдагы элчилиги Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.

Анда төмөнкүдөй деп айтылат:

"Кыргыз Республикасындагы тынчтык жана демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшулган кылмыштык топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга, 4-октябрь шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуулар, ошондой эле 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы бузуулар далил болуп турат.

Кошмо Штаттары президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун конституциялык тартипке кайтарып келүү аракеттерин колдойт. Жарандар жана алардын лидерлери уюшулган криминалдын жана коррупциянын саясаттагы таасирине каршы күрөшүн улантуусу зарыл. Кыргызстандын конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болуусу тийиш.

АКШ кыргыз элин колдоп жана Кыргыз Республикасынын бардык кошуналарын жана эл аралык өнөктөштөрүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн урматтоого чакырат. Анткени, кыргыз эли бул маселелерди чечүү үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда".

Пикир

Оставить комментарий