• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШда 10 жашар аутист баланы полиция кармап кеткен

Дүйнө 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Флорида полициясы 10 жаштагы аутизмден жабыркаган балага мектептен кол кишен салды. Бул тууралуу Washington Post гезити билдирди.

Полициядан билдиришкендей, баланы кармоого анын агрессивдүү жүрүш-турушу себеп болгон. 2016-жылдын октябрында Джон Бенджамин Хейгуд өзүнүн мугалимин чаап жиберген. Андан соң окууга барбай койгон. 12-апрелде аны мектепке сынамык тапшырууга чакырышкан. Ал жерден аны жабырлануучу мугалим таанып калып, полицияга билдирген.

Хейгуддун апасы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кантип баласына кол кишен салышып, унаага алып барышкандыгын видеого тартып алган. Окуучу чуу салып, ага тийбей коюларын суранып, кыйкырган.

Баланын энеси полицияга уулунун аутизмден жабыркай тургандыгын жана катуу коркуп калганын айткан. Ал баласы менен бирге бөлүмгө барууну каалаган, бирок ага баш тартып коюшкан.

Гезиттин маалыматы боюнча, окуучу бөлүмдө түнү бою калган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий