• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда 10 жыл комада жатып төрөгөн аял. Ымыркайдын атасы табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Комада жатып төрөгөн аялдын баласынын атасы табылды. Бул тууралуу news.vse42.ru маалымат булагы Fox News телеканалына шилтеме берип кабарлайт.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери Hacienda клиникасынын 36 жаштагы дарыгерин камакка алган. Тергөөчүлөр дарыгер менен ымыркайдын ДНКсында дал келүүлөрдү аныктаган.

Ал эми кылмышка шектүү медкызматкер өзү маалымат берүүдөн баш тарткан.

Белгилүү болгондой, шектүү жаран аталган ооруканада 2011-жылдан бери иштеп келет, ошол себептен ал комада жаткан аялды канча жолу зордуктагандыгы белгисиз.

Эске сала кетсек, АКШнын Аризона штатынын Феникс шаарынын ооруканасында он жылдан ашык комада жаткан айым бала төрөгөн.

Пикир

Оставить комментарий