• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда 11 жаштагы бала мектептин автобусун айдап качкан

Дүйнө 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. АКШнын Батон-Руж шаарында 11 жаштагы бала окуучуларды ташыган автобусту айдап качкан. Бул тууралуу жергиликтүү WBRZ телеканалы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү эртең менен бала мектептин автобусуна кирип, аны оталдыра алган. Полиция кызматы автобустун артынан жарым сааттай кубалаган. Жыйынтыгында унаа газ түтүгүн андан кийин бакты сүйгөн.

Полиция автобусту курчоого алып, баланын колуна кишен салган.

Бала унаа уурдоо жана зордук-зомбулук сыяктуу бир нече айып менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн борборуна камакка алынган. Полиция кызматкерлери баланын атайылап унаа менен сүзүлүүгө аракет кылганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий