• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШда болгон башаламандыктарда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Алдына ала маалымат боюнча, АКШда болгон башаламандыктарда каза болгондордун, жабыркагандардын же кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Министрлик жана Кыргызстандын Вашингтон шаарындагы элчилиги АКШдагы абалга байкоо салып, анын аймагында болгон мекендештерди коопсуздук чараларын сактоого жана эл чогулган жерлердин алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик аталган окуялардан каза болгон, жабыркаган же кармалган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат болсо, Кыргызстандын АКШдагы элчилигине kgconsulate.washington@mfa.gov.kg же kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректери аркылуу билдирүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий