• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү чаралары 30-апрелге чейин узартылды

Дүйнө 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. АКШда COVID-19 вирусунун жайылышына каршы күрөшүү чаралары 30-апрелге чейин узартылды. Тиешелүү чечимди президент Дональд Трамп кабыл алды. Буга чейин чектөөлөр 12-апрелге чейин алынары болжолдонгон.

Трамп журналисттер менен сүйлөшүү учурунда АКШда COVID-19 вирусунун жайылышы эки аптадан кийин туу чокусуна жетерин, эпидемиядан кийин кайра калыбына келүү иштери 1-июнда башталарын айтты.

Трамптын билдиришинче, АКШда чектөө чаралары кирбесе, эки миллиондон ашык адам көз жумары мүмкүн эле. Божомолдор боюнча эмидемия учурунда 100 миңден 200 миңге чейин киши өлүшү ыктымал.

Кошмо Штаттар COVID-19 илдетин жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Вирус 140 миңден ашуун кишиден табылган. Дээрлик эки жарым миңге чукул адам өлдү.

Пикир

Оставить комментарий