• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда электрондук тамекиден каза болгондордун саны 15ке жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. АКШда электрондук тамекиден каза болгондордун саны 15ке жетти. Акыркы учур 65 жаштагы Небраска штатынын тургунунда байкалган. Бул тууралуу NBC News басылмасы жазат.

Жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, АКШнын жараны каза болгон учурда 65 жашта болгон. Аталган штаттын эпидемиологу Том Сафранектин айтымында, кары адам май айында эле көз жумган. Электрондук тамекиден каза болгондордун саны өсө баштагандан кийин улгайган адамдын да эмнеден каза болгону билинген.

Азыркы күндө электрондук тамекинин айынан өпкөсүнөн көйгөй жаралып дарыгерге кайрылгандардын саны 800дөн ашат.

Американын бир катар штаттарында электрондук тамеки колдонууга тыюу салынган. АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы күндөрдө вейптерди сатууга тыюу салаарын билдирген, бирок кайсы күндөн тарта мыйзам күчүнө кирээрин айткан эмес.

Пикир

Оставить комментарий