• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

АКШда “Флоренс” бороонунун келтирген зыянын эсептешти

Дүйнө 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. “Флоренс” бороонунун АКШ үчүн келтирген экономикалык зыяны 38ден 50 миллиард долларды түздү. Мындай эсептөөнү Moody's Analytics аналитикалык агенттиги чыгарган. Бул тууралуу Wall Street Journal гезити маалымдады.

Маалыматка караганда, кыймылсыз мүлккө, транспорт каражаттарына келтирилген зыян эсептелген. Ошондой эле жергиликтүү ишканалардан түшпөй калган киреше дагы эсепке алынган. Камсыздоо компанияларынын бороондон кийинки төлөмдөрү 1,7ден 5 миллиард долларга чейин жетет.

“Флоренс” бороону АКШнын тарыхындагы эң кыйратуучу бороондордун ичинен 7-орунду ээледи. Өлкөгө эң көп материалдык зыян алып келген бороон “Харви” болгон. Ал 2017-жылы август айында Техас штатында болуп, 133,5 миллиард доллар зыян алып келген. Андан кийин “Мария” (120 миллиард доллар) жана “Ирма” (84,2 миллиард доллар) турат.

Америкадагы Түндүк жана Түштүк Каролина штаттары 14-сентябрда башталган “Флоренс” бороонунун борборунда болушту. Бороон алгач тропикалык шамалга чейин алсызданып, андан соң тропикалык циклонго айланган. Анын кесепетинен катуу жаан жаап, эки штаттын аймактарын суу каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктын айынан көз жумгандардын саны 41 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий