• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

АКШда Game of Thrones сериалынын финалын 19 млн адам көрдү. Бул HBO үчүн рекорд

Дүйнө 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. АКШда Game of Thrones сериалынын финалын 19 млн адам көрдү. Бул HBO телеканалы үчүн жаңы рекорд, деп жазат Reuters.

Сериалдын буга чейинки эпизодун 18,4 млн адам көргөнү кабарланат.

Маалыматка ылайык, Game of Thrones сериалын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө көрүшкөн. Тасманы көргөндөр тууралуу маалымат айрым олкөлөр боюнча гана бар.

Ошондуктан дүйнө боюнча канча адам бул сериалдын финалын көргөнү тууралуу так маалымат жок.

Эске салсак, Change.org сайтындагы петицияны 1,3 млн адам колдоп, сериалдын акыркы 8-сезонун кайра тартууну талып кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий