• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү үчүн керектүү каражат чогулду – фонд

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Нью-Йорктогу кыргызстандыктар каза болгон мекендешибизди Кыргызстанга жеткирүү үчүн керектүү сумманы чогултууга жардам берген кайдыгер эмес бардык жарандарга ыраазычылык билдиришет. Бул тууралуу “Нью-Йорктогу кыргызстандыктар” фонду билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 20-апрелде Бруклиндеги (нью-Йорк штаты) өзүнүн батиринде КР жараны 1984-жылы туулган Адылбек Калыбеков каза болгон. Нью-Йорктогу кыргызстандыктар кайдыгер эмес жарандардан анын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат чогултууга жардам берүүлөрүн суранышкан. Анткени, каза болгондун жакындарынын жерге берүү жана авиабилетке каражаты жетмек эмес.

“Жардам бергени үчүн барына терең ыраазычылык билдиребиз. Толук отчет бир нече күндүн ичинде берилет”,-деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Кыргызстандык Адилет Койкел социалдык тармак аркылуу каражат чогултууга жардам беригендерге ыраазычылык билдирип, чогулган акча тууралуу скриншотту жарыялаган. “Мекендештерибизге рахмат, алар менен бирге 18 сааттын ичинде 7 миң доллар чогултууга жетиштик”,-деп белгилеген ал.

Өз кезегинде КР Тышкы иштер министрлиги КРнын АКШдагы элчилиги каза болгон А.Калыбековдун туугандары менен байланышта болуп жатканын белгилеген. “Жакын арада өлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрмө алынат, андан тышкары жүктү мекенине жөнөтүүнү уюштурууга жардам берилет”,-деди ТИМ басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий