• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШда Казакстанга каршы жазылган 180 млн долларлык доо арыз четке кагылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 13.05.19 /Кабар/. АКШнын Колумбия аймактык соту 2010-декабрда америкалык үч компаниянын Казакстандын Энергетика министрлигине карата жазган 180 миллион долларлык доо арызын четке какты. Бул тууралуу 13-майда Казакстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Доо арызда Turan Petroleum, Inc., Energyfund, Inc. жана Trustees for Trek Resources, Inc компаниялары Казакстандагы Арыс жана Арал мунайгаз кендерин иштетүү боюнча түзүлгөн макулдашуу, ошондой эле инвестицияларды коргоо тууралуу АКШ менен Казакстандын ортосундагы келишим боюнча доочулардын укуктары бузулгандыгын билдиришкен.

«Сот АКШнын «Чет өлкөлүк суверендүү иммунитеттер тууралуу» мыйзамынын негизинде юрисдикция жок болгондугуна байланыштуу доо арызды четке какты», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Informburo.kz жаңылыктар агенттигинин Law360 сайтына шилтеме кылып жазганына караганда, Арал кенин иштетүү долбоору 2005-жылы, «инвестор милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн» токтотулган. Арыс кени боюнча келишимден Казакстан бир тараптуу негизде 2010-жылы чыккан.

Казакстанда Энергетика министрлиги 2014-жылы августта түзүлгөн. Ага мурдараак жоюлган Мунайгаз, индустрия жана жаңы технологиялар, ошондой эле Айлана чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары министрликтеринин ыйгарым укуктары берилген.

Пикир

Оставить комментарий