• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда коронавирус жуктурган 71 миңден ашык жаран көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктурган 71 миң 78 жаран көз жумду. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, АКШда илдетти жалпы 1 млн 204 миң 475 адам жуктурса, коронавирустан 189 миң 791 жаран толук айыкты. Испанияда 219 миң 329, Италияда 213 миң 13, Улуу Британияда 196 миң 243, Францияда 170 миң 694, Германияда 167 миң 7, Росссияда 165 миң 929, Түркияда 129 миң 491, Бразилияда 115 миң 953 жаран коронавируска кабылган.

Дүйнөдө өпкөнү сезгенткен ооруну 3 млн 679 миң 544 жаран жуктуруп, 1 млн 205 миң 595 адам айыккан. Ал эми коронавирустун кесепетинен 257 миң 793 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий