• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1,5 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн 486 миң 742 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда коронавирустан 272 миң 265 адам айыккан. 89 миң 564 киши каза болгон.

Учурда дүйнөдө жалпы 4 млн 730 миң 323 киши коронавирус жуктурган. Анын ичинен 1 млн 739 миң 743 адам оорудан айыккан. 315 миң 482 киши коронавирустан каза болгон.

Россияда – 290 миң 678, Улуу Британияда – 244 миң 995, Бразилияда – 241 миң 80, Испанияда – 230 миң 688, Италияда – 225 миң 435, Францияда – 179 миң 693, Германияда – 176 миң 551, Түркияда – 149 миң 435 жана Иранда 120 миң 198 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий