• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн 12 миң 583 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

АКШда илдеттен жалпы 115 миң 936 адам айыккан. Коронавирус жуктурган 58 миң 355 адам каза болгон. Бүгүнкү күндө каза болгондондун саны боюнча дүйнөдө АКШ алдыңкы орунда турат.

Коронавирусту Испанияда 232 миң 128, Италияда 201 миң 505, Францияда 169 миң 53, Улуу Британияда 162 миң 350, Германияда 160 миң 59, Түркияда 114 миң 653, Россияда 99 миң 399 жана Иранда 93 миң 657 жаран жуктурган.

Жалпы дүйнө боюнча коронавирусту 3 млн 130 миң 191 жаран жуктурган. Ошол эле учурда 937 миң 571 адам илдеттен айыккан. Каза болгондордун саны 217 миң 674 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий