• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 2 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктургандардын саны 2 млн 464 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, АКШда илдеттен 533 миң 504 адам айыкса, 112 миң 924 жаран каза болду.

Ошондой коронавирусту Бразилияда 772 миң 416, Россияда 493 миң 23, Улуу Британияда 291 миң 588, Индияда 276 миң 583, Испанияда 242 миң 280, Италияда 235 миң 73, Перуда 208 миң 823, Францияда 192 миң 68, Германияда 186 миң 522, Иранда 177 миң 938 жаран жуктурган.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча вирусту 7 млн 360 миң 239 жаран жуктурган. Алардын 3 млн 454 миң 807си айыкса, 416 миң 201и каза болду.

Пикир

Оставить комментарий