• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 2 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн 920 миң 61 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, АКШда илдеттен 500 миң 849 жаран айыкса, 109 миң 802 адам каза болгон. Коронавирусту эң көп АКШдан кийин Бразилияда 672 миң 846, Россияда 458 миң 102, Улуу Британияда 286 миң 294, Индияда 246 миң 628, Испанияда 241 миң 310, Италияда 234 миң 801, Перуда 191 миң 758, Францияда 190 миң 759, Германияда 185 миң 450 жана Иранда 168 миң 425 жаран жуктурган.

Ал эми дүйнөдө COVID-19 вирусун 6 млн 896 миң 179 жаран жуктурган. Алардын 3 млн 87 миң 315 адамы айыгып, 399 миң 785 киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий