• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 3 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. АКШда коронавирус жуктургандардын саны 3 млн 118 миң 168 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, АКШда илдеттен 969 миң 111 адам айыкса, 133 миң 291и каза болду .

Коронавирусту Бразилияда − 1 млн 755 миң 779, Индияда − 793 миң 802, Россияда − 712 миң 863, Перуда − 316 миң 448, Чилиде − 306 миң 216, Улуу Британияда − 289 миң 165, Мексикада − 282 миң 283, Испанияда − 253 миң 56, Иранда – 252 миң 720 адам жуктурган.

Ал эми дүйнөдө коронавирусту 12 млн 291 миң 645 адам жуктурду. Анын ичинен 555 миң 486 киши каза болгон. Ал эми 6 млн 759 миң 602 адам айыкты.

Пикир

Оставить комментарий