• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШда коронавирусту 1600дөн ашык адам жуктурду

Дүйнө 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. АКШда коронавирустун жаңы түрүн 1 миң 663 адам жуктурду. Бул тууралуу аталган илдет боюнча эсептөө жүргүзгөн Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Күн мурун илдетти 1,3 миң адам жуктурганы айтылган.

Ошол эле учурда коронавирусту жуктурган учур мындан да көбүрөөк болушу ыктымал. Себеби, илдетти аныктоочу анализдер кээ бир бейтаптардан гана алынып жатат. Ар кандай маалыматтар боюнча, АКШда кеминде 10 миң адам текшерилген.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп жарыялаган. Дүйнөдөгү 100 өлкөдө 120 миңдей адам ооруну жуктурса, 4 миңден ашык жаран көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий