• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны 104 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. АКШда коронавирустун кесепетинен каза болгондордун саны 104 миң 383 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, АКШда илдетти 1 млн 790 миң 191 адам жуктурду. Коронавирустан 444 миң 758 жаран айыкты. АКШдан кийин Бразилияда 514 миң 849, Россияда 414 миң 878, Улуу Британияда 276 миң 156, Испанияда 239 миң 479, Италияда 232 миң 997, Индияда 190 миң 962, Францияда 189 миң 9, Германияда 183 миң 500, Перуда 164 миң 476 жана Түркияда 163 миң 942 жаран коронавируска кабылган.

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясын 6 млн 181 миң 781 адам жуктурса, 2 млн 646 миң 874 киши оорудан айыккан. Ал эми 372 миң 303 жаран каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий