• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда кыргызстандык мекендешибиз бир күндө жубайы менен кошо жол кырсыгына кабылган

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылган, ошол эле күнү анын жубайы да кырсыкка учураган. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Бектур Элебес өзүнүн жеке баракчасында жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, мекендешибиз Алмаз Муминов 4-октябрда болжол менен саат 02:30дар чамасында Миссури штатындагы Канзас-Сити шаарында жол кырсыгына кабылган.

“Азыркы учурда ал оор абалда ооруканада жатат. Ар кандай даражадагы жаракат жана сыныктарды алган. Эки операция жасалды”, - деп жазат Бектур Элебес.

Ал кошумчалагандай, жубайы жолдошунун жол кырсыгына кабылгандыгын угуп, Чикагодон чыккан, бирок жолдо келе жатып эжеси экөө кырсыкка кабылышкан. Анын баш мээси чайкалып, денесинен ар кандай жаракаттарды алган.

Пикир

Оставить комментарий