• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АКШда Кыргызстандын жараны каза болду -ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. АКШда Монреаль шаарынын аймагында (Канада) жашаган, 1983-жылы 2-июлда туулган Кыргызстандын жараны Кайдалов Дмитрий каза болду. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Монреалдагы КР Ардактуу консулу А.Окуневадан алынган маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында жаран Д.Кайдалов үйүнө документтерин калтырып коюп, дайынсыз жоголуп кеткен. Аны издөөгө Монреаль шаарынын полициясы киришкен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бул жарандын сөөгү суудан табылган. Тергөө бул өз өмүрүнө кол салуу деп болжолдоодо.

АКШдагы КР элчилиги Монреалдагы КР Ардактуу консулу менен, каза болгон жарандын жубайы, ошондой эле полиция жана Монреаль шаарынын сөөк көмүү үйү менен байланышып турат.

Пикир

Оставить комментарий