• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШда матрастардын "жарышы" болду

Дүйнө 0

Бишкек, 20.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Американын Колорадо штатында катуу шамал үйлөнмө матрастарды учуруп, матрастардын "жарышка" түшкөн учуру тасмага түшүп калган. Ал тасманы YouTube'га ViralHog каналы жүктөгөн.

Тасманын авторунун айтымында, окуя 17-августта болгон. Жергиликтүү тургундар ачык асманда кино көрүүнү пландап жатышкан. Бирок катуу шамалдан улам матрастар уча баштаган.

Пикир

Оставить комментарий