• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АКШда мектеп имаратынын алдында адамдардын өлүгү көмүлгөн 145 көр табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Американын Тампа шаарындагы King High School мектебинин аймагында 145 көрү бар мүрзө табылганын Fox13 басылмасы жазат.

Флорида штатындагы окуу жайдын аймагында мүрзө бар экени тууралуу маалымат октябрь айында пайда болгон. Көрдү георадар аркылуу табышкан.

Дагы бир маалымат боюнча, мурун мектептин ордуна жергиликтүү афроамерикалык коомунун өкүлдөрүнүн сөөктөрү көмүлгөн. Жерге акыркы сөөктү берүү мындан болжол менен 75 жыл мурун болгону айтылат.

Мүрзөдө 230 адамдын сөөгү коюлганы божомолдонууда. Алардын 70тен ашыгы балдар жана ымыркайлар болгон.

Пикир

Оставить комментарий