• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АКШда окуучу бала коргоо министринен интервью алды

Дүйнө 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Америкалык мектеп окуучусу Тедди Фишер, АКШнын коргоо министри Джеймс Мэттистин телефон номерин табып, ага байланышып 45 мүнөттүк интервью алганын “New York Post” гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Вашингтон штатында жашаган жаш бала “Washington Post” гезитинин 11-майдагы чыгарылышындагы сүрөттө Пентагондун башчысынын телефонун көрүп, ага телефон чалган. Ал сүрөттө АКШнын президенти Дональд Трамптын кайтаруучуларынын бири Кит Шиллер бир топ кагаздарды көтөрүп бараткан жери тартылган. Кагазда Коргоо министринин аты жана телефон номери болгон.

Кийинчерээк ал сүрөт аталган басылманын интернет сайтынан алынып салынган. Бирок Фишер башкалар элес албаганды көрүп, министрге байланышка чыккан.

Жаш бала алгач Мэттиске интервью берүүсүн өтүнүп маалымат жөнөткөн. Вашингтон штатынын кулуну болгон министр окуучунун бул өтүнүчүнө макул болгон. Ал эми интервю Фишер окуган мектептин гезитине жарыяланган.

Анда Мэттис ар дайым мектеп окуучуларына жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшүүнү кааларын моюунуна алган. “New York Postтун” билдиришинче, интервьюда Мэттис бир катар тышкы саясий темаларга дагы токтолгон. Маселен ал мурдагы АКШ президенти Барак Обама эгер мамлекеттик катчы Хилари Клинтонду укканда көбүрөөк ийгиликке жетишмек деп билдирген. Ошондой эле, АКШ Афганистандагы, Сириядагы жана башка мамлекеттердеги америкалык мектептердеги балдардын бир жылдык каражатын төлөсө, радикалдык идеологиянын жайылышы менен күрөшүү алда канча жеңил болоорун баса белгилеген.

“Мен балдарга сапаттуу билим жана келечеке үмүт берүү менен идеологияга каршы турууга болот деп ойлойм”,-деп билдирген Мэттис.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий