• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШда өспүрүм кыз учакты учуруп кетүүгө аракет жасап, имаратты сүзгөн

Дүйнө 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. АКШнын Калифорния штатындагы аэропортто өспүрүм кыз учакты учуруп кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Фресно шаарындагы эл аралык аба майданынын сайтында айтылганын РИА Новости жазып чыкты.

Учактын уурдалгандыгы тууралуу маалымат полиция кызматына шаршемби күнү эртең менен түшкөн. Анда 17 жаштагы кыз аэропортко тосмодон ашып өтүп, "King Air 200" үлгүсүндөгү учакты от алдырганга жетишкен.

"Учак кыймылга келип, бурулуш жасап жатканда аэропорттогу имаратты сүзүп алган. King Air 200 асманга көтөрүлгөн эмес, ошондой эле имаратты сүзгөндө өрт чыккан жок. Ал эми учак олуттуу жаракат алган. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Жерине барган полиция кызматы учактын пилот отурган жеринде кулакчын тагынган кызды көрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий