• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда төрөттө "чарчап калган" кыз 29 жылдан кийин өз энесине эркек болуп кайтып келген

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. АКШнын тургуну Тина Бехарано каза болду деп ойлоп жүргөн баласы 29 жашта экенин билип калган. Бул тууралуу KMPH-TV каналы билдирет.

Америкалык тургун алгач 17 жашында төрөгөн. Ымыркайга Кристин атын коюп, бирок аны бир дагы жолу көргөн эмес. Тина Бехараного жаңы төрөлгөн кызы чарчап калганын айтышкан.

2018-жылы Бехарано белгисиз бирөөдөн электрондук кат алат. Кат жиберген адам ДНК тестин жүргүзүп, Тина анын биологиялык энеси экенин билген. Көрсө, ал учурда Лас-Вегастагы үй-бүлө Кристинди асырап алат. Ал кийинчирээк өзүнүн жынысын өзгөртүп, эркек болуп калат.

"Жынысын алмаштырып-алмаштырбагыны мага баары бир. Айырмасы эмне. Бул менин балам. Биз анын тирүү экенин билип абдан кубанычтабыз", - дейт Бехарано.

Кристин менен анын энеси алардын окуясы башка өзүнүн жакындарын издеп жүргөн үй-бүлөлөргө дем берет деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий