• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШда зергер буюмдарды саткан дүкөндү тоноодо 4 адам каза болду

Дүйнө 0


Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. АКШнын Флорида штатында зергер буюмдарды саткан дүкөндү тоноодо 4 адам каза болду. Бул тууралуу Miamy Herald гезити билдирет.

АКШнын Корал-Гейблс шаарында эки эркек киши зергер саткан жерди тоноого аракет жасаганда дүкөндүн кызматкерлери полицияга чалганга жетишкен. Шектүүлөр куугунтуктан качуу үчүн жүк ташуучу унааны айдай качкан жана анын айдоочусун барымтага алган.

Полиция шектүүлөрдү кууп баратканда ок кокустан жүк ташуучу унаанын айдоочусуна жана жөө жүргүнчүгө тийген. Андан сырткары, укук коргоочулар шектүүлөрдүн бирине ок аткан.

Дүкөндүн кызматкери да кокустан ок жеген.

Пикир

Оставить комментарий