• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШда жашаган кыргызстандыктар 24 кычкылтек концентраторун жөнөтүштү

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. АКШда жашаган кыргызстандыктар кычкылтек концентраторуна акча чогултуп, өлкөгө жөнөтүштү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июль күнү Бишкек шаарындагы Спорттук реабилитациялоо борборуна кычкылтек аппараттары жеткирилди. Кычкылтек аппараттары Филадельфиядагы (АКШ) «Kyrgyz Yntymak Fund» кыргыз диаспорасы чогулткан каражаттарга сатылып алынган. Жалпысынан болжол менен 25 миң доллар чогултулуп, 24 кычкылтек аппараты алынган. 12 аппарат Балыкчы шаарына жөнөтүлдү, 2 аппарат Талас облусуна жөнөтүлдү жана 10 аппарат Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди.

Аппараттарды өткөрүп берүү иш-чарасына аталган агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Спорттук реабилитациялоо борборунун башкы дарыгери Сагындык Айтбаев жана аппараттарды сатып алуу жана Кыргызстанга жеткирүүнү уюштурган Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов катышты.

Ошондой эле аппараттарды сатып алуу жана жеткирүүсүн уюштуруусуна Табылды уулу Сүймөнкул жана Бакыт Шамшиев чоң салымын кошкон.

«Мамлекеттик агенттиктин, жалпы спорт коомчулуктун атынан АКШда жашаган биздин мекендештерибизге, спортчуларга чоң ыраазычылык билдирем. Азыр биздин өлкөбүздө кыйын кырдаал болуп жаткан убакытта алар чогулуп, элибизге, жерибизге аруу ниет менен жардам көрсөтүп жатышат. Ушунун баарын уюштурган Руслан Маджиновго, Табылды уулу Сүймөнкулга жана Бакыт Шамшиевге дагы чоң ыраазычылык билдиребиз. Бул жардамыңыздарды кыргызстандыктар унутпайт. Баарыбыз көрүп жаткандай, азыр Айсулуу Тыныбекова, Абдурахман Муртазалиев, Айваз Оморканов, Жоламан Шаршенбеков, Улукбек Жолдошбек сыяктуу биздин алдыңкы спортчуларыбыз четте калбай, жарандык позициясын көрсөтүп, өз күчү менен уюштуруп жардам көрсөтүп, коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө салымын кошуп жатышат. Силер мындан ары дагы көптөгөн жакшылыктарды жаратасыңар деген үмүттөмүн. Силерге чоң рахмат! Ооругандар эртерээк сакайып кетсин, элибиздин ден соолугу чын болсун!» - деди Арпачиев.

Пикир

Оставить комментарий