• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШда жашаган Кыргызстандын атуулу учак кырсыгынан ата-энесиз калган балдарга 300 миң сом берди

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кечээ спортчу, Кыргызстанда туулуп, бирок 18 жылдан бери АКШда жашап жүргөн Валерий Федоренко Дача-СУ айылындагы учак кырсыгынын натыйжасында ата-энесиз калган балдарга 300 миң сом берди.

“Жардам берүү оңой” коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева билдиргендей, каражат В.Федоренконун күйөрмандары тарабынан www.gofundme.com краудфандинг платформасында чогултулган.

“Учак кырсыгынын кесепетинен ата-энесин жоготкон эки бала - Султан Абакиров менен Жакшылык Шералиевдин чоң аталары 97 миң сомдон алышты”,-деди ал.

Д.Аляеванын айтымында, алынган каражаттар дароо эле балдардын эсебине которулду, андагы каражат алар 18 жашка чыкканга чейин колдонулбайт.

Ошондой эле, ал апасыз калган Мирлан уулу Н.га дагы 97 миң сом берилгенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, “Боинг-747” учагы 2017-жылы 17-январда аэропортко жакын жердеги Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-СУ айылында кыйроого учураган. Айылдын жашоочулары трагедиянын курмандыгы болушкан. Бары болуп 39 адам каза болгон, анын ичинде 4 адам экипаждын мүчөлөрү.

Пикир

Оставить комментарий