• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШдагы №9034 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү процесси аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте тынч, ошондой эле зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

АКШ жана Канада консулдук округунун шайлоочуларынын тизмесине киргизилген 901 шайлоочунун ичинен жалпысынан 55 жаран добуш берди.

Пикир

Оставить комментарий