• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШдагы элчи Аманбаев Монтана штатынын улуттук гвардиясынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Монтана штатынын улуттук гвардиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 1-декабрда өтүп, ага Монтана штатынын улуттук гвардиясынын өкүлдөрү офицерлер Г.Мак Аллистер, В.Баллингер, В.Франк катышты.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө тараптар Монтана улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен болгон кыргыз-америкалык өз ара аракеттенүүнү жана аскердик чөйрөдө, табигый кырсыктарга даярдык көрүү, тынчтыкты сактоо мүмкүнчүлүктөрүн жана медициналык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо жаатында тажрыйба алмашууга багытталган мамлекеттик өнөктөштүк программасынын алкагында кызматташтыкты, ошондой эле башка билим берүү программаларды арттыруунун келечегин талкуулашты. Элчи Аманбаев америкалык тарапты башка социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда, биринчи кезекте айыл чарба, мал чарбасы, туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды. Нарын шаары менен Монтана штатынын Грейт-Фоллс шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиленди.

Элчи Б.Аманбаев КР президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар жана алардын Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечегин изилдөө жана аны мындан ары ишке ашыруу боюнча эки тараптуу күн тартиби боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен мамлекеттик өнөктөштүк программасы 1995-жылы башталган. 1996-жылдан бери алмашуу программасынын алкагында 850дөн ашуун кыргызстандык Монтана штатына барган. Бул өнөктөштүк программасы кырсыктарга даярдык көрүү, тынчтыкты сактоо жана медициналык потенциалды жогорулатуу жана билим берүү программалары боюнча мыкты тажрыйбаларды алмашууга алып келди.

Пикир

Оставить комментарий