• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

АКШдагы мекендештер Бишкекке эки кычкылтек концентраторун белек кылды

Коом 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. АКШнын Огайо штатынын Цинциннати шаарындагы мекендештер Бишкекке эки кычкылтек концентраторун белек кылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жабдыктарды алып, жардам көрсөткөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.

“Концентраторлор күндүзгү стационарларга берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, учурда шаардагы 12 күндүзгү стационарда 109 кычкылтек концентратору бар.

Пикир

Оставить комментарий