• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШнын башкы прокурору Клинтон боюнча иликтөө башташы мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 15.11.17 /Кабар/. АКШнын Юстиция министрлиги 2010-жылы “Уран Один” компаниясынын “Ростом” компаниясына сатылышынын жагдайларын иликтөөнү кароодо. Бул тууралуу башкы прокурор Жефф Сешнс Конгресстеги угуу учурунда билдирди.

Буга чейин республикачыл-конгрессмендер жана АКШнын президенти Дональд Трамп келишимди иликтеп чыгууга чакырган. Алар макулдашууну түзүүдө АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон мыйзамды бузган болушу ыктымал деп божомолдошууда. Демократтар Дональд Трамп бул айыптоолор аркылуу Кремль менен байланышын иликтөөдөн алагды кылууга аракет жасоодо дешүүдө.

Конгресс жыйынында АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс шайлоо кампаниясы тушунда Трамптын штабынын кеңешчилеринин бири Жордж Пападопулос менен жолукканын эсетегенин айтты. Буга чейин Пападопулос ФБРге жалган көрсөтмө бергенин моюнга алган. Иликтөө материалдарына ылайык, кеңешчи 2016-жылы Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусун уюштурууга убада берген.

Сешнс буга чейинки көрсөтмөсүндө Трамптын жакындары менен Кремлдин байланыштары тууралуу эч нерсе билбегенин бир нече жолу баса белгилеген. Орусиянын АКШдагы шайлоолорго кийлигишүү ыктымалдуулугун иликтөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер менен АКШ Сенатынын чалгындоо комитети жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий