• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШнын башкы прокурору: Мюллердин иликтөөсү Трамптын «мыйзам бузганын аныктаган жок»

Дүйнө 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. АКШнын башкы прокурору Уильям Барр конгрессмендерге атайын кат жөнөтүп, Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылкы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү тууралуу атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү президент Дональд Трамптын мыйзам бузганы тууралуу фактыларды таппаганын билдирди.

Ошол эле маалда Барр өз катында бул жыйынтык президентти толук «актабай турганын» белгилеген. Бирок Доналд Трамп иликтөөнүн жыйынтыгы «ал үчүн толук реабилитация» экенин билдирди.

Мюллер Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү менен катар эле Дональд Трампка тиешеси бар адамдар менен орусиялык расмий өкүлдөрдүн байланыштарын, ошондой эле Трамптын жана анын айланасындагы адамдардын тергөөнүн ишине тоскоолдук кылган-кылбагандыгын дагы иликтеген.

АКШнын Юстиция министрлиги 24-мартта жөнөткөн катта атайын прокурор чогулткан маалыматтар «Трамптын соттук териштирүүлөргө толкоолдук кылганын ырастай албай тургандыгы» жазылган.

​Роберт Мюллер дээрлик эки жылга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндаманы АКШнын башкы прокуроруна 22-мартта тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий