• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШнын эң улгайган адамы Алелия Мерфи 114 жашында көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. АКШнын эң улгайган адамы Алелия Мерфи 114 жашында көз жумгандыгын АВС телеканалы билдирет.

Афроамерикалык Мерфиге чейин АКШда эң улгайган адам болуп Огайо штатынын тургуну Лесси Браун эсептелген.

Алелия Мерфи Нью-Йорк штатында жашап келген. Ал 114 жыл 140 күн жашаган. АКШнын улгайган адамы 1905-жылы Түндүк Каролинада төрөлүп, 1926-жылы Нью-Йорктун Гарлем районуна көчүп келген.

Анын жашын жана өлүмүн узак жашагандардын тизмегин жүргүзүп келген Геронтологиялык изилдөө тобу (GRG) тастыктаган.

Алардын маалыматында, эми АКШнын эң улгайган адамы Түндүк Каролинанын тургуну Хестер Форд болууда. Форд 114 жыл 105 күндүн оокатын жеп жаткан чагы.

Пикир

Оставить комментарий