• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШнын элчиси: Биз Кыргызстан менен Тажикстандын бекем мамилесин колдойбуз

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Жон Марк Поммершайм Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында америкалык дипломатиялык миссия кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салып жатканын билдирди.

«Биз Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абалга, андан келип жаткан маалыматтарга байкоо салып жатабыз. Менин байкашымча, учурда бардык аракеттер чек арадагы абалды жөнгө салууга багытталып жатат. Бул боюнча АКШнын позициясы белгилүү: биз Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы күчтүү жана бекем мамилелерди колдойбуз. Биз эки өлкөнүн өкмөтү тең ушул багытта иш алып барып жатат жана алардын бул аракети ийигиликтүү аяктайт деп ишенебиз», — деди АКШ элчиси.

18-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу жана Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу ачылган.

Ал ортодо Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 13-мартта башталган чек арадагы чыр боюнча жети кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

Тергөөнү Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн бириккен тергөө тобу жүргүзөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 13-мартта чыгып, 14-мартта да уланган.

Андан кыргыз тараптан үч адамга ок тийгени кабарланган. Ал эми тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону айтылган эле.

Пикир

Оставить комментарий