• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШнын КРдагы жаңы элчиси: Көчмөн оюндары менен белгилүү болгон кыргыз жерине кайтып келүү мен үчүн сыймык

Саясат 0


Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. АКШнын Сенаты Дональд Лунун АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына талапкерлигин жактырган. Бул тууралуу сенаттын расмий сайтында жазылды.

Дональд Лунун талапкерлиги АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан көрсөтүлгөн.

Дональд Лунун министрдин кеңешчиси классы бар. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал буга чейин АКШнын Албаниядагы элчиси болуп иштеген.

Ал 52 жашта, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.

Жаңы дайындалган элчи Дональд Лу жалпы кыргыз элине кыргыз тилинде кайрылуу жасап, Көчмөн оюндары менен белгилүү болгон айкөл Манастын жерине кайтып келүү үй-бүлөсү жана өзү үчүн сыймык экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий