• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШнын Мамлекет катчысы Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Джон Блинкен Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.

АКШ Мамлекеттик катчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Биз акыркы отуз жыл ичинде Кыргыз Республикасы менен жетишкен өнөктөштүгүбүз менен сыймыктанабыз жана жалпы демократиялык баалуулуктарга умтулуу тарыхыбызды улантып, алдыдагы жылдары да мамилелерибизди кеңейтүүгө үмүттөнүп келебиз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тыгыз кызматташтык элдерибизге гана пайда алып келбестен, климаттын өзгөрүшү жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук сыяктуу жалпы глобалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогуу иштөөгө мүмкүндүк берет. Америка Кошмо Штаттары ошондой эле COVID-19га каршу күрөшүүдө Кыргыз Республикасы менен бирге болуп, COVID-19га каршы беш миллион доллардан ашуун нарктагы жардам көрсөттү. Мындан тышкары, биз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдоо жолунда бекем турабыз.

Бул чоң майрамдын белгиленишине байланыштуу, мен Кыргыз Республикасынын элине эң жакшы тилектеримди жана каалоолорумду жолдойм".

Пикир

Оставить комментарий