• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШнын союздашы баасы 200 долларлык квадрокоптерге 3 млн доллар турган ракета менен сокку урган

Дүйнө 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Америка армиясынын генералы Дэвид Перкинс аскер симпозиумунда союздаш өлкөлөрдүн бири арзан баадагы квадрокоптерге 3 миллион долларлык ракета менен сокку ургандыгын маалымдады. Анын билдирүүсүнүн видеосу YouTube порталында жарыяланган.

Перкинстин айтымында, учкучу жок учакка сокку жасоо үчүн “абдан жакын союздаш” Patriot зениттик-ракеталык комплексин колдонгон. Би-би-си билдиргендей, бул комплекстин ракетасынын баасы 3 миллион долларга жакынды түзөт.

“Алар сокку жасай алышты <…> 200 долларлык квадрокоптердин Patriot ракетасына каршы мүмкүндүгү болгон эмес”, - деди генерал.

Аны менен бирге Перкинс бул аракеттердин экономикалык пайдалуулугунан күмөн санады. “Душмандын ордунда болсом мен: “eBay ге кирип 300 долларлык квадрокоптерден көбүрөөк сатып алайын, алардын Patriot ракеталарынын баары жок калсын” деп ойлонмокмун”, - деп белгиледи ал.

Генерал АКШнын кайсы союздашы тууралуу сөз болуп жатканын жана окуя качан болгонун тактаган жок.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий