• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Аксы милициясы бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Аксы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу айыл аймагында жүргүзүлгөн иш-чарага 22 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик, социалдык коргоо бөлүмүнүн жана салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Профилактикалык жумуш учурунда РИИБдин алдын алуу каттоосунда турган 4 атуул жана паспорт эрежеси боюнча 315 кожолук текшерилди. Соода-сатык жүргүзүүчү 11 дүкөндүн ээлерине видео көзөмөл коюу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасынын алкагында КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 13 протокол толтурулуп, айыптар салынды. Ошондой эле 4 дүкөндүн ээлери уруксат кагазы жок спирт ичимдигин сатып жатышкандыктан салык кызматы тарабынан акт түзүлүп, спирттик ичимдиктери алынды.

Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан 2 орто мектептин окуучуларына лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, район аймагындагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө багытында Кербен шаарынын Ж.Мавлянов атындагы лицей мектебинде 8-11-класстардын окуучулары менен тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чарага Аксы районунун акиминин орун басары Д.Абдылдаева, райондун имам-хатиби М.Абдыкалыков, РИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Ошондой эле Аксы РИИБинде үзүрлүү эмгектенген милициянын майору Султанбек Назарбеков ардактуу эс алууга узатылып, өздүк курам атынан белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий