• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аксы милициясы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.20 /Кабар/. Аксы РИИБинин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милиция тарабынан базарлар, соода жайлары, эс алуучу жана тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынды. Сатуучуларга эл менен иштешүүдө санитардык нормаларды сактап, беткап, колкап кийип иштөө зарылдыгы жеткирилди.

Бул жугуштуу илдеттен ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен медициналык каражаттарды талаптагыдай колдонуп, тиешелүү эрежелерли сактаганда гана арылууга мүмкүн экендиги жеткирилди.

Ошондой эле үй карантининде жаткан тургундарга медициналык талаптарды так аткаруу керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий